• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 24 мектептен COVID-19дун учурлары катталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада коронавирус инфекциясынын жана пневмониянын 138 учуру катталды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, белгилүү болгондой 14-апрелде шаардык билим берүү мекемелеринде офлайн жана онлайн режиминде окуу башталган.

26-апрелге карата 14 мектеп аралыктан окутууга өткөн: 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 (орто мектеп мекемелери).

2 бала бакча карантинге жабылган: №12 жана №112.

Мындан тышкары, 24 мектепте COVID-19дун учурлары катталган, анда мектептер ишин улантууда, 18 класс онлайн окутууга өткөн.

Мектептердин толук онлайн режимине өтүшү ооруган окуучу же мугалим менен байланыштын санына жараша болот, чечимди Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору кабыл алат.

“Урматтуу шаардыктар! Ар бириңиздерден санитардык нормаларды так сактоону өтүнөбүз: бет кап тагынып, жеке тазалыкты сактаңыздар, колуңуздарды антисептик менен бат-баттан тазалап туруңуз, эң башкы чектөө коомдук жайларга барууну азайтып, социалдык аралыкты сактаңыздар. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий