• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бекилип калган батирдин ичинен бир адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 14.03.18. /Кабар/. Куткаруучулар Бишкек шаарындагы Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан №59 үйдүн 41-батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-мартта болжол менен саат 17:26 чамасында бекилип калган батирдин ичинен 1941-жылы туулган Л.Г.И., аттуу жарандын сөөгү табылган.

“Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий