• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Борбор калаада чаржайыт илинген 350 метрге жакын зым кесилди

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында чаржайыт илинген 350 метрге жакын зым кесилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, зымдарды туташуудан ажыратуу Түгөлбай-Ата жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде, Тыныстанов көчөсүнүн Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Токтогул көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн баштап Раззаков көчөсүнө чейинки аралыгында жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, иштер шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий