• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйдү. Кризистик борборлорго иштөөгө уруксат берилеби?

Коом 0

Бишкек, 24.04.20, /Кабар/. Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны көбөйгөндүктөн кризистик борборлордун иштөөсүнө уруксат берүү маселе боюнча жарандар комендатурага кайрылууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден бери үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өскөн. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул жылы зомбулук фактылары 61,7%га арткан. Былтыр 24-марттан 24-апрелге чейин 100 учур катталса, быйыл 162 факт катталды.

Ал белгилегендей, үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны көбөйгөндүктөн кризистик борборлордун иштөөсүнө уруксат берилеби жана зомбулуктан жапа чеккен адамдар барган борборлордо алар коопсуздукту камсыздап бере алабы деген суроолор берилип жатат.

"Биз бул маселени карай алабыз. Бирок кризистик борборлор санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы керек. Ал мекемелердин коопсуздук маселеси боюнча айтсак, ал жерге күзөт коюп, коопсуздукту карап берүүгө даярбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий