• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аба ырайы. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-сентябрга карата республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Талас облусунда +16…+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көл облусунда +18…+23, Чүй, Нарын облустарында +17…+22, ал эми Бишкек шаарында +20…+22 жана Ош шаарында +24…26 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий