• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте «Конуштар ынтымагы» долбоорунун катышуучулары сыйланды

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана жаңы конуштарынын тургундарынын биримдигин, ынтымагын бекемдөө максатында “Конуштар ынтымагы 2021” долбоору өткөрүлүп, конуштун жана шаардын активдүү тургундарына «Тарых таза адамдар менен куралат» сыйлыктары ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана конуштардын активдүү тургундары катышты.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев иш-чаранын катышуучуларына жана уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирип, калаанын, жаңы конуштардын инфраструктурасынын өнүгүүсүнө автивдүү тургундардын салымы чоң экенин белгиледи.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, сыйлыктарды тапшыруу менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий