• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте курулуш компаниялары санитардык нормаларды бузууда

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бишкекте курулуш компаниялары санитардык нормаларды бузууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Курулуш объектилеринде жүргүзүлгөн рейддин алкагында 20 компания текшерилип, дээрлик бардык жерде бирден мыйзам бузуу катталган.

Объекттин айланасында тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн Үсөнбаев көчөсүндөгү “Скай Билдинг Инжинеринг”, Краснофлотская көчөсү, 11 дарегиндеги «Ак шагыр», Ильменский көчөсү, 19 дарегиндеги «Пионер плюс», Фрунзе көчөсү 85/1 дарегиндеги «Шаардык курулуш», Фучик көчөсү, 38 дарегиндеги «Тагай Ата» жана Т.Фрунзе көчөсү, 100 дарегиндеги «Жаз строй» ишканаларына протоколдор түзүлүп, 13 миң сомдон айып салынды.

Ошондой эле өндүрүштүк калдыктарын муниципалдык аймакка чыгаргандыгы үчүн Ы.Абдрахманов көчөсү, 140 дарегиндеги «Старт Компани» ишканасына, Д.Сяопин көчөсү, 304 дарегинде жайгашкан “Партнер Групп” тобуна 23 миң сом айып салынды.

Ал эми жолду булгагандыгы жана бузгандыгы үчүн Көк-Жар конушундагы «Монолит Строй» ишканасына 17 миң сом айып салынды.

Муниципалитеттин макулдугусуз өз алдынча жер казгандыгы үчүн «Б.М.С.» ишканасына жана Горький көчөсү, 188/1 дарегиндеги "Адегине" ишканасына 17 миң сом айып салынды.

Рейд учурунда айыппулдардан тышкары, «Альфа Недвижимость», «МС Билдинг», «Строй Сервис Плюс» компанияларына муниципалдык аймактарды көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышы боюнча эскертүүлөр берилди.

Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу аныкталганда, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке тараптарга жеринде протоколдор түзүлүп, айып салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий