• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен өспүрүмдү таап, ата-энесине кайтарып берди - сүрөт

Коом 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери жоголуп кеткен өспүрүмдү таап, ата-энесине кайтарып берди. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 29-майда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына дайынсыз жоголгон 2006-жылкы М.Б., аттуу баласын издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен шаардын М.Э., аттуу тургуну кайрылган. Өспүрүм 28-майда саат 13:00дөр чамасында "Дордой" калктуу конушундагы үйүнөн дүкөнгө чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, 30-майда Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында дайынсыз жоголгон 2006-жылкы М.Б., аттуу өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Өз кезегинде, табылган баланын ата-энеси милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий