• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте троллейбус айдоочуларына жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан айдоочуларга жол кырсыктарын алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан тышкары, жүргүнчүлөрдү накталай эмес төлөм ыкмасына өткөрүү максатында айдоочуларга тулпар карталары таратылып берилүүдө. Картанын баасы 50 сом, бул баанын ичине бир жолку бекер жол жүрүү киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий