• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкекте жаранга бычак сайган шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бишкекте жаранга бычак сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-октябрда милицияга К.В. аттуу жаран кайрылып, аны белгисиз бирөө далысына бычак сайганын билдирген. Жабырлануучу ал күнү саат 13:00дөр чамасында Ж.Пудовкин менен А.Токомбаев көчөсүнүн келишинде жүргөндө ага кол салуу болгон. Жыйынтыгында ал ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден соолукка оор залал келтирүү”) боюнча иш козголгон.

Шектүү катары 41 жаштагы Т.Б. аттуу жаран кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий