• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилди

Ден соолук 0


Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилди.

Оорукана Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан 77,5 млн сомго каржыланды. Бишкек шаарындагы оорукананын курулушу 2020-жылдын 25-июлунда башталып, 100 орунга эсептелинген.

Меджардам көрсөтүүчү жай зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган: 180 меджабдуу, анын ичинде керебет, компьютердик техника, мобилдик рентген аппараты, портативдик УДИ аппараты, жасалма дем алдыруучу аппараты, ВИПАП аппараттары жана башкалар менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий