• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө тротуарларды оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бишкекте жөө адамдар өтүүчү жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, төмөнкү көчөлөрдүн тилкелеринде жөө адамдар өтүүчү жолдордун курулуш иштери актады:

  • Киев көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин түштүк тарабы;
  • -Лев Толстой көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин түштүк тарабы;
  • Салиева көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн №68,69 үйлөрдүн кире бериш жолдоруна чейин;
  • Жаш Гвардия бульварынын Рыскулов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин чыгыш тарабы;
  • Ак-Босого жаңы конушунун Чүй 41 көчөсүндөгү аллеяга эки тарабынан тротуар салынды.

Учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасы тарабынан тротуарларды куруу боюнча иштер төмөнкү көчөлөрдө жүрүүдө:

  • Ахубаев көчөсүнүн Ж.Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
  • Абай көчөсүнүн М. Горький көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө;
  • Панфилов көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө.

Пикир

Оставить комментарий