• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкектин борбордук көчөлөрүн жарнамалардан тазалоо иши башталды

Коом 0

Бишкек, 3-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз илинген жарнамаларды алуу иш аракети башталды.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд бүгүн Чүй жана Манас проспектилеринде башталган. Бир нече саатта Манас проспектисиндеги баннер, жарнама, жеке мекемелердин терезелеринде чапталган жарнамалар жана атайын техниканын жардамы менен көп кабаттуу турак үйдө орнотулган жарнак алынып салынды.

Белгилүү болгондой, рейд бир нече күнгө созулат. Ошондой эле, мыйзамсыз көрнөк жарнактарды алып салуу иш аракети Бишкектин башка көчөлөрүндө дагы жүргүзүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий