• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

БШК Аравандагы жаңжалдан улам эки талапкерди шайлоодон четтетти

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Ош облусунун Араван районундагы окуяга тиешеси бар эки партиянын жана талапкерлердин жоопкерчилиги жөнүндө маселени карады.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда Араван районунун А.Юсупов айылында шайлоо өнөктүгү учурунда массалык мушташ болгон. "Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка талапкер Ильхом Маннановдун айткан сөздөрү экинчи партиянын өкүлдөрүнө жакпай калган. Эки партиянын ортосунда уруш чыгып, аягы жаңжалга айланган. Кеминде 12 адам жаракат алып, 10 адам милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бүгүн БШКда эки негизги маселе боюнча добуш берүү болду: окуя боюнча партиялардын жоопкерчилиги жана талапкерлер Ильхом Маннанов менен Шүкүрулло Файзуллаевди шайлоо жарышынан четтетүү. Жыйынтыгында БШКнын 6 мүчөсү партияларга эскертүү берүү үчүн добуш беришсе, 10 мүчөсү талапкерлерди шайлоодон алып салуу үчүн добушун берген.

Ошентип, БШК “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” саясий партияларынан эки талапкерди шайлоодон четтетти.

Пикир

Оставить комментарий