• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Быйыл Өзбекстанда чет элдик валюталар үчүн 1000 банкомат пайда болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Өзбекстандын коммерциялык банктары жарандардын чет элдик валютада акча алуусу үчүн быйыл 1000ден ашык банкомат орнотушат. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча банкоматтар түйүнүн кеңейтүү иштери баскыч-баскыч менен жүрөт. Буга чейин алар банктардын айрым өкүлчүлүктөрүндө жана мейманканаларда гана болуп келген.

Президенттин токтомуна ылайык, 1-апрелден тарта өлкөнүн каалаган жараны чет элдик валютаны эл аралык төлөм карталары аркылуу накталай түрдө ала алат. Бул эреже конверсиялык карталарга да тиешелүү болот.

Мындан тышкары банктар алгачкы ирет эл аралык төлөм карталары аркылуу чет өлкөлүк валюталарды сатуу жана сатып алуу үчүн эсепти аралыктан башкаруу системасын киргизе башташты.

Бир катар банктар чет элдик валютаны сатуу жана сатып алууну ишке ашырууга мүмкүндүк берген мобилдик тиркемелерди дагы сунушташты.

Пикир

Оставить комментарий