• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүй облусунун аймагында бир жумада 3 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. 19-апрелден 25-апрелге чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында облустун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2 миң 953 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен:

  • Мас абалында башкаруу – 5;
  • Документтери жок унаа башкаруу – 16;
  • Жогорку ылдамдык менен айдоо – 1 миң 123;
  • Атайын айып унаа токтотуучу жайына 40 унаа токтотулган.

КР ИИМ ЖКККББсы айдоочуларды жолдо жүргөндө жол эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий