• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Чүйдө 15 метрлик кудукту казып жаткан адам иске ууланып каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Чүйдүн Пош конушунун Проектируемый көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанында үч эркек киши кудук казып жатканда кырсык болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.

Маалыматка ылайык, тереңдиги болжол менен 15 метр жерде бир адам иске ууланып каза тапса, экөө жабыркаган.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, куткаруу шаймандары менен каза болгон жаранды кудуктан чыгарып беришти.

Пикир

Оставить комментарий