• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Москвадагы эмгек мигранттарына жардам берүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. Москвадагы эмгек мигранттарына жардам берүү маселеси талкууланды, - деп маалымдайт Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-августунда элчиликтин консулу Алмаз Букалаев "Россиялык Кызыл Крест" бүткүл россия коомдук уюмунун (мындан ары-РКК) төрагасы П. Савчук менен жолугушуп, анда жашоо шартына байланыштуу кыйналган эмгек мигранттарына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда колдоого муктаж болгондордун критерийлери, ошондой эле кызматташуунун гуманитардык, медициналык жана социалдык, психологиялык жардам, мигранттардын балдарына билим берүү, укуктук кеңештер, дайынсыз жоголгон КР жарандарын издөө багыттары боюнча элчилик менен РККнын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Элчиликтин маалыматында, РККнын коомдук кабылдамасынын "Ыкчам линиясынын" телефон номерлери белгиленген: 88006007372 (Россиянын чегинде акысыз чалуу), иш убактысы дүйшөмбүдөн жумага чейин: саат 09:00 – 20:00 чейин.

Пикир

Оставить комментарий