• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз чуңкурдан табылды

Коом 0

Бишкек, 10.08.18. /Кабар/. Чүйдө дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз чуңкурдан тирүү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 10-август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Издөө иш-чараларына саат 8:30да КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 31 куткаруучу жана ИИМнен 25 кызматкер тартылган. Жалпы 60 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Абалы канааттандыраарлык.

Пикир

Оставить комментарий