• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы: Бүгүн эл аралык “Үмүт” кинофоруму жыйынтыкталат

Маданият 0

Бишкек, 28.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган VI эл аралык жаштардын “Үмүт” кинофоруму жыйынтыкталат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечки саат 17:00дө кинофорумдун жабылыш аземи өтөт.

"Бул иш-чара Кыргызстанда алтынчы ирет өткөрүлүп жатат. Жаштардын эл аралык “Үмүт” кинофорумуна КМШ өлкөлөрүнүн жаш кино чеберлери катышууда.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу иш-чарага Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, белгилүү кинорежиссерлор жана маданият кызматкерлери катышат.

Пикир

Оставить комментарий