• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чаткал районуна сырттан келген жарандар киргизилбейт – өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү

Аймак 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Чаткал районуна сырттан келген жарандар киргизилбейт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

"Чаткал районунда жаңы оорулуулар катталууда. Ошондуктан Чаткал районунун тургундарына кайрылып кетким келет, Чаткал районуна сырттан адамдар киргизилбейт жана ал жактан эч кимди чыгарбаганга аракет жасап жатабыз. Өтө зарыл болгон учурда, азык-түлүк алуу үчүн чыгууга уруксат берилген. Анда да посттордо экспресс-тест менен текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөтсө гана райондон чыгууга болот. Болбосо райондон чыгууга тыюу салынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий