• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Чоң Чүй каналынын жээгине веложол жана атайын чуркоого арналган жол салынат

Коом 0

Бишкек, 01.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чоң Чүй каналынын жээгине веложол жана атайын чуркоого арналган жол салынат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Абдыкадыров өткөн жылы мектеп маселеси көңүл чордонунда болсо, быйыл тротуарга көңүл буруларын белгилеп кетти.

"Алгач Чоң Чүй каналы оңдолуп, анын жээгинин бир чакырымы веложол жана атайын чуркоого арналат. Инвесторлорго берип, бир чакырымдан жол салынып турат. Ал жерде ошондой эле эс алуу жайы болот, анын эскиздик долбоору бар", - дейт ал.

Калаа башчысы 2023-жылы Бишкекте тротуарлар 3-4 эсе көп куруларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий