• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Чолпон-Атада волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттук лигасы өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA улуттук лигасы өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Түркмөнстан, Монголия жана Непалдын курама командалар катышууда.

Оюндун салтанаттуу ачылыш аземине “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаев жана Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.

Оюн башталгандан бери Кыргызстан жаштар курама командасы Түркмөнстан курама командасын 3:1 эсебинде жана Өзбекстандын курама командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, 18-июнда старт алган мелдеш 25-июнга чейин болот.

Пикир

Оставить комментарий