• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чыңгыз Байсов Биринчи май районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук акимиатынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чыңгыз Байсов Биринчи май районунун акиминин турак-жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин ал акимчиликтин аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка Бишкек мэри Айбек Жунушалиев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий