• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

COVID-19 боюнча соңку маалыматтар. 25 жаңы учур катталып, эки кыргызстандык көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 25-февралга карата коронавирус 25 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 12, Талас облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 132 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 199 бейтап, амбулатордук түрдө 905 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 427 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 952 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий