• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

COVID-19 коронавирустук инфекциясы: Баардык адамзаттын кырсыгы жана саясий оюндардын куралы

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 7 млн 33 миң 333 адамга жетти. Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебине ылайык, дүйнөдө илдеттен 3 млн 149 миң 989 жаран айыкса, каза болгондордун саны 403 миң 131ге жетти. Вирусту эң көп АКШда 1 млн 942 миң 363 адам жуктурган.

Чындыкты бурмалоо фактыларды (жагдайларды) өзгөртө албайт

Жаңы коронавирустун эпидемиясы бир нече айдан бери дүйнө жүзү боюнча жайылып келе жатат. Бирок, бул эпидемияга каршы жалпы күрөштүн жүрүшүндө, айрым өлкөлөр жана саясатчылар, фактыларга карабастан, чындыкты бурмалап, башка мамлекеттерди "күнөөлөп", жада калса, абсурддук ушактарды жаратып, коомдук пикирдин көңүлүн бурууга аракет жасап жатышат. Эл аралык адилеттүүлүктү этибарга албай, алар дискриминацияны жана ксенофобияны, ошондой эле расизмди, ички жаңжалдарды козгоо менен алек. Натыйжада, бүт адамзаттын башына түшкөн мүшкүл саясий капиталды алуу үчүн колдонулуп жатууда.

Беделдүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 3-январынан тартып, Кытай Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна жана башка өлкөлөргө эпидемиялык кырдаал жана ага каршы иш-чаралар жөнүндө үзгүлтүксүз кабарлай баштаган. Бактыга жараша, Кытай тарап берген эпидемия жөнүндө маалыматтарды алар менен, Кыргызстандын өкмөтү тез арада тиешелүү чараларды көрүп, мамлекеттик чек араларды жаап, кошуна өлкөлөрдүн түшүнүгүнө жана колдоосуна ээ болуп, кыргыз элинин коопсуздугуна натыйжалуу кепилдик берип, жумушту жана өндүрүштү учурдагы калыбына келтирүүгө негиз түзгөн.

Бирок, кээ бир мамлекеттин кээ бир саясатчылар эпидемия тууралуу кабарды уккан соң, эпидемиянын жайылышын алдын алуу жана өз элин коргоо жөнүндө ойлонбостон коронавирус эпидемиясы "Америкага жумуш орундарын кайтаруунун тездетүүсүнө жардам берет" деп айтышты. Бул "коркок жана өзүнө ишенген" адамдар бул вирустун жайылышын "токтото алат" деп ойлошту. Алар эсине келгенден кийин, баары кеч болуп калган сыңары. Алардын жеке ой-пикирлери жана жеке кызыкчылыктары үчүн зыян келтирген каардуу ой жүгүртүүлөрү айрым өлкөлөрдүн баалуу эки айлык мезгилди өткөрүп жиберишине жол берилип, эпидемиянын көзөмөлдөн чыгуусуна алып келди. Болжолдонгон эпидемия башталганда, бул саясатчылар маселени кандайдыр бир жол менен чечүүгө аракет кылышпастан, "күнөөнү башка жакка буруп", жоопкерчиликтен качып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бурууга аракет жасашкан.

АКШнын мурунку президенти Авраам Линкольн мындай деп айткандай, "бардык адамдарды мезгил-мезгили менен алдаса болот, кээ бир адамдарды ар дайым алдаса болот, бирок ар дайым бардык адамдарды алдоо мүмкүн эмес. Калптын мындай түрү аз сандагы адамдарды адаштырса дагы, бирок эл аралык коомчулукту адаштыра албайт. Балким, бир аз убакытка алдоого болот, бирок узак убакытка чейин эмес".

Вирус адамзаттын жалпы душманы

Вирус адамзаттын жалпы душманы. Айрыкча, түрдүү тармактардагы глобалдашуунун учурдагы тездик менен өсүп жаткан мезгилинде, айрым эксперттер Кытай сунуштаган “Адамзаттын бирдиктүү тагдырынын жамааты” бул вируска каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмасы деп эсептешет.

Женева шаарында БУУнун форумунун ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жаңы коронавирустун алдында адамзат күчсүз, эл аралык коомчулук эпидемия менен күрөшүү үчүн биригиши керек деди. Бирок, ал өз сөзүндө жаңы коронавирус менен күрөшүүдө дагы деле биримдик жок экендигин моюнга алууга аргасыз болду. Себеби, ар кайсы өлкөлөр ар башка, ал тургай, бири-бирине карама-каршы келген стратегияларды (чараларды) кабыл алышкан, алар адамзат үчүн "өтө кымбатка турду".

Вирус коркунучтуу көрүнүш жана бүт адамзаттын жалпы душманы, бирок кээ бир саясатчылардын "саясий вирусу" андан да жаман. Бул эпидемияга каршы дүйнөлүк кампаниянын жалпы абалына зыян келтирип гана койбостон, адамзат коомунун узак мөөнөттүү өнүгүшүнө зыян келтирет. Табигый вируска салыштырганда, “саясий вирус” андан кем эмес, бирок андан да катаал.

Айрым маалымат каражаттарында: "терең тамырлуу гегемониялык ой жүгүртүү узак убакыттан бери кээ бир саясатчыларды жана маалымат каражаттарын ой жүгүртүүнүн" жогорку вирусун "өстүрүүгө түрткү берген" деп айтылат. Алар өзүлөрүнүн кызыкчылыгына туура келбеген нерселердин бардыгын кабыл алуу мүмкүн эмес деп эсептешет. Бул көз-караштар алардын мээлеринде бекем орун алган, ошондуктан алар өз каталары жөнүндө ойлонууну унутушуп калгандай. Айрыкча, эл аралык кырдаалда болуп жаткан чоң өзгөрүүлөрдүн шартында, өзүн-өзү алдоонун бул түрү барган сайын айкын болууда.

Саясий оюн өзүнө да, башкаларга да зыян келтирет

“Саясат вирусуна” чалдыккан бул саясатчылар эки жүздүүлүгүн көрсөтө башташты: эпидемиялык кырдаалдын алгачкы мөөнөттөрүндө, алар башкаларга жардам берүүдөн баш тартып, башка мамлекеттердин адам укуктарына зыян келтирүү, кайдыгер калуу стратегиясын кабыл алышып, башка мамлекеттерди кырдаалды ого бетер “күчөтүп” жаткандарын шылдыңга алышты. Айрым саясатчылар алгач башка өлкөлөрдүн эпидемияга каршы аракеттерин жогору баалап, андан кийин чыныгы эпидемия кырдаалы тууралуу маалыматтарды жашырышууда деп айыпташты. Мындай жупуну спекуляция, чоң тобокелчиликке алып келет жана алардын мындай иш-аракети өзүнүн эринине сокку бергенге тете. Алардын мындайча айтканда саясий оюну көпчүлүктүн көзүн ачууда.

Андан соң бул адамдар биргелешип башка мамлекеттерди "жаманатты" кыла башташты. Эпидемиянын тез жайылышынан жана көзөмөлдөн чыгып кетүүсүнөн улам, кээ бир саясатчылар ордунда отура албастан, чыйпылыктап ызы-чуу кыла башташты. Башка мамлекеттерди күнөөлөп, шылдыңдап, атүгүл бири-бирин күнөөлөп, эпидемиянын алдын алуу үчүн башка өлкөлөрдүн ресурстарын мамлекеттен чыгарбай, эл аралык укукту бузушту.

Бирок, акыры, калптын үстүнөн чындык өкүм сүрдү. Бул саясатчылардын жалган айыптары эл аралык коомчулуктун көз жаздымында калган жок, жада калса өз эли алардын кадыр-баркын тааныган жок. Алар өзүлөрү "вирустун чыныгы булагы" жөнүндө суроого кабылганда, бул саясатчылар жообун берише албай, жооп берүүдөн качышкан. Чындыгында, акыйкаттык адамдардын жүрөгүндө деген чындык тура.

Айрым саясатчылардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын "күнөөнү башканын мойнуна салуусу" жана ар кандай спекуляцияга карабастан, жаңы коронавирус менен күрөштү жеңип, өзүнүн экономикалык абалын ийгиликтүү калыбына келтирген биринчи мамлекет бул биздин эң жакын кошунабыз Кытай болуп келе чыкты. Кытай коронавируска каршы күрөштө мыкты натыйжаларга жетишти. Эпидемияга каршы күрөштө жеңишке жетишкенден кийин, ал башка мамлекеттерге активдүү гуманитардык жардам көрсөтүп, жаңы коронавирус менен күрөшүү үчүн медициналык топторду жөнөтө баштады. Кыргызстан пайда көрүүчү өлкөлөрдүн катарына кирди. Кыргызстан сыяктуу ондогон мамлекеттер Кытайга ыраазычылыктарын билдиришүүдө.

«Жибек жолу – Маданий өнүгүү» гезити,

6-июнь 2020-жыл

Пикир

Оставить комментарий