• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Ноокатта 2-майда каза болгон бейтаптын коштолгон оорулары болгон - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Ноокат районунда 2-майда каза болгон 61 жаштагы эркек кишиде коштолгон оорулар болгон. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон адамдын өлүгү союлган.

“Бул адамдан коронавирус аныкталган, бирок аны дарылоо терапиясынан жыйынтык чыккан эмес. Анткени, бейтаптын коштолгон оорулары болгон жана алар күчөп кеткен”, - деп билдирди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, бейтапта курч жүрөк-кан тамыр жана дем алуу жетишсиздиги, ошондой эле коштолгон оорулар - кант диабети, өнөкөт гепатит В, дем алуу жетишсиздиги болгон.

“Бейтаптын организми коштолгон ооруларына байланыштуу жуккан коронавирус илдетин көтөрө албай калган”, - деди башкы санитардык дарыгер.

Ошондой эле министрдин орун басары баса белгилегендей, сөөктү текшерүүдөн соң, жаранда инфаркттан кийинки кардиосклероз, аорттун атеросклерозу, коронардык артериялар жана гепатит бар экендиги аныкталган.

Белгилей кетсек, 9-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 25 жаңы учур катталып, жалпы 931 учурга жетти. Анын ичинен 231и медицина кызматкерлери. Стационарда 261 адам жатат, алардын ичинен алтоо реанимацияда. Ооруканадан 658 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий