• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 11,4 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 11 млн 465 миң 636 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 534 миң 588 киши каза болгон. Ал эми 6 млн 189 миң 108 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 2 млн 888 миң 730 киши, Бразилияда − 1 млн 603 миң 55, Индияда − 697 миң 413, Россияда − 686 миң 777, Перуда − 302 миң 718, Чилиде − 295 миң 532, Улуу Британияда − 286 миң 932, Мексикада − 256 миң 848, Испанияда − 250 миң 545, Италияда – 241 миң 611 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий