• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун КРдагы өкүлү Ысык-Көлдүн айланасына велосипед жолун салууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн айланасына велосипед жолдорун салса, велосипед тебүүчүлөргө коопсуз жана уникалдуу маршрут болот. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдындагы “Шаардын саламаттыгы” глобалдык кыймылынын биринчи улуттук семинарында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихт билдирди.

Ошондой эле ал Борбордук Азиянын башка аймактарынан айырмаланып, Кыргызстанда көптөгөн демилгелер колдоого алынарын белгиледи.

“Кыргызстандын шаарларынын “Шаардын саламаттыгы” глобалдык түйүнүнө кошулууга уникалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Калк башка шаарларга жана калк жашоочу аймактарга велосипед менен жетүү үчүн велосипед жолдорун салуу коопсуз жана ден соолуктуу жашоо образына үгүттөө болот”, - деди Хабихт.

Ошондой эле ал социалдык жана саясий күн тартибине саламаттыкты сактоодогу көйгөйлөрдү кошуу жергиликтүү, улуттук жана аймактык деңгээлде коомдук саламаттык үчүн күчтүү кыймылды түзүүгө түрткү болорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий