• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дастан Догоев: КР президентинин санариптештирүү боюнча кеңешчиси бойдон калам

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргызстандын президентинин санариптештирүү боюнча кеңешчиси Дастан Догоев кызматтан кетип жатканына байланыштуу билдирүү жасады.

Догоев билдиргендей, анын кызматтан кетип жатышы Гарвард университетине өткөндүгүнө байланыштуу болууда.

“2020-жылдын башында керектүү документтерди чогултуп, Жон Ф. Кеннеди атындагы Гарвард мамлекеттик башкаруу институтуна мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурага тапшыргам. Окуу программасы бир жылга созулуп, окуу гранттык негизде болот" - дейт Догоев.

Догоевдин айтымында, Гарвард университетиндеги окуусу боюнча маселе өлкө башчы жана премьер-министр менен макулдашылган.

"Мындай мүмкүнчүлүк өмүрүңдө бир жолу келгендиктен алар колдоо көрсөтүштү. Бул үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле жакынкы арада КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматын тапшырып берем. Бирок Кыргызстандын президентинин санариптештирүү боюнча кеңешчиси бойдон калам", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Дастан Догоев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына 2019-жылдын май айынын аягында дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий