• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо. Дагы бир талапкерден арыз түштү

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө.

БШКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Салихов Кенеш Каримовичтен арыз келип түшкѳн. Ал 1961-жылы туулган, «Геопарк Мадыген» коомдук фондунун директору.

Эскерте кетсек, КР президенти жогоруда аталган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын 28-апрелине дайындаган. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий