• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эң көбү добуш сатып алуу жана админресурс. Координациялык топко 106 кайрылуу түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун дарегине жалпы 106 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, 106 кайрылуулардын ичинен:

- шайлоо процессинин катышуучуларынын укугун бузу боюнча 1 факт;
- шайлоо укугуна тоскоолдук жасоо боюнча 1;
- добуш сатып алуу боюнча 32;
- администрациялык ресурсту колдонуу боюнча 23;
- шайлоочуларды коркутуу боюнча 3;
- талапкер жөнүндө алдын ала жалган маалымат таратуу боюнча 1;
- үгүн иштеринин шартын бузуу боюнча 12;
- документти жасалмалоо боюнча 2;
- шайлоо компаниясында каржы таптибин бузуу боюнча 3;
- төлөмдөрдөгү бузуулар боюнча 2;
- талапкер тарабынан алдын ала туура эмес маалымат таратуу боюнча 1;
- бейбаштык боюнча 1;
- аймактык шайлоо комиссиясынын ишине 21 даттануу;
- калган 3 факт.

“Кайрылуулардын 50сү шайлоочулардан, 9у ЖМКдан, 25и саясий партиядан, төртөө коомдук фонддон, алтоо жергиликтүү шайлоо комиссияларынан келген. Аймак боюнча айтканда Бишкектен 50, Чүйдөн 21, Ош шаарынан 11, Ош облусунан 14, Жалал-Абад шаарынан 1, Жалал-Абад облусунан 6, Нарын облусунан 1, Баткен облусунан 1 кайрылуу түшкөн. Өз убагында мыйзамдын негизинде тиешелүү чаралар көрүлдү”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий