• 88.68
  • 95
  • 0.95

Екатеринбургдагы башкы консул Бийбосунов Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Күн мурун, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Урал Соода-ѳндүрүш палатасынын президенти А. Беседин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда региондор аралык соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жана Россиянын Урал аймагынын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү, COVID-19 пандемиясынын абалында товар экспорттоочулар менен импорттоочулардын ортосунда байланыш үчүн шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Башкы консул Бийбосунов 2020-жылы колдонулуп жаткан чектөө иш-чараларынан улам Кыргызстан менен Свердлов облусунун ортосундагы соода жүгүртүүнүн төмөндөшүнө көңүл бурду, буга байланыштуу тараптардын ишкерлерине тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда, диалог аянтчаларын уюштурууда көмөктөшүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле видео конференция байланыш аркылуу дагы сунушталды (B2B-онлайн форматтагы жолугушуулар).

А. Беседин Урал Палатасынын эл аралык кызматташуу жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштѳѳ тажрыйбасы менен бөлүштү, Палата кыргыз компаниялары жана адистештирилген мекемелери, анын ичинде Кыргызстандын Соода-ѳндүрүш палатасы жана башка кызыкдар бизнес-ассоциациялары менен тийиштүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий