• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕККУ ПАнын төрагасы Бишкекте отурумду кыргыз тилинде ачты

Саясат 0

Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү отурумунун ачылышы болду.

40тан ашык өлкөдөн келген конокторго салтанаттуу маанайда кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурасы тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.

Көрүүчүлөрдү таасирленткен тасмадан соң ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели отурумду ачты.

Ал жолугушуунун катышуучуларына учурашып, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын парламентине жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал отурумга КРнын мурунку президенти Роза Отунбаеванын катышып жаткандыгына көңүл буруп, ага өзүнчө кайрылуу сөздөрүн айтты.

Уюштуруунун жогорку деңгээлин жана меймандостукту белгилеп, ал ыраазычылыгын кыргыз тилинде айтты: “Биз Бишкекке келгенибизге абдан кубанып жатабыз. Сыйыңызга рахмат!”

Андан соң ал 4 күндүк жолугушуунун жүрүшүндө талкуулана турган темалардын маанилүүлүгүн белгиледи. Алардын арасында аймактык коопсуздук маселелери бар.

Пикир

Оставить комментарий