• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс 2-майда уланат

Коом 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. Бишкектин мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча кезектеги соттук отурум 2-майда уланат. Бул тууралуу Бишкек шаардык сот кабарлады.

Бул иш боюнча күнөөлү катары 14 адамдын өтүүдө, алардын арасында Кулматов менен Ибраимов бар.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий