• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Экс-спикер: Президенттин Зулушевди кызматтан четтеткен чечими мыйзамга каршы келбейт

Коом 0

Бишкек, 06.06.22 /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров тергөө учурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматтан четтеткен. Кийин Зулушев президенттин ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш экенин белгилеген.

“Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин кабыл алган буйругу талкууга жатпайт. Анткени, өлкө башчысынын ар бир кабыл алган чечими аткарылууга тийиш”, - деген Зулушев. .

КР экс-спикери Зайнидин Курманов белгилегендей, эгерде норма так жазылбаса, анда кырдаал эки түрдүү чечмелениши мүмкүн, ошондуктан президенттин чечими ишке ашат. Бул учурдагы абалда мамлекет башчысына өз алдынча чечим чыгаруу укугун берет. Эксперт мыйзамда тыюу салынбагандын бардыгына жол берилерин белгилейт.

“Учурдагы практиканын негизинде мыйзамдагы боштукту толтуруп, кемчиликти жойгон мыйзам долбоорун киргизиш керек. Болбосо тарых кайталанышы мүмкүн. Бул эч кандай ашыкча көйгөй жаралбашы үчүн зарыл”, - деди Курманов.

Пикир

Оставить комментарий