• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эксперт: Аймактарды өнүктүрүү - бул Жээнбековдун "көзүрү"

Коом 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Бишкекте өтө турчу эки күндүк "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" аттуу конференция абдан эффективдүү жана жемиштүү болуусу күтүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясатчы, серепчи Марс Сариев билдирди.

Анын айтуусунда, мындай иш-чаралар дайыма керек, анткени ага мамлекет башчысы жана көптөгөн серепчилер катышат. Демек, пикир алмашуу болот. Учурда Аймактарды өнүктүрүү - бул Жээнбековдун "көзүрү". Карап көрсөңөр Кремль дагы аймактарды өнүктүрүү боюнча өзүнүн жаңы стратегиясын баштады..

“Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү жемиштүү болуусу керек. Мындай иш-чарасыз жергиликтүү бийликтер аймактарды өнүктүрүүнү ар тараптуу түшүнүп алышы мүмкүн. Адистер жана кесипкөйлөр өз тажрыйбалары жана билими менен жергиликтүү башкаруучулар менен бөлүшүүсү керек. Дал мына ушундай формат жемиштүү болот. Мен дагы бир нече жолу ушундай сыяктуу конференцияларга катышкам. Иш-чаралардын мындай форматы – батыштык болуп эсептелет. Ушундай форматтагы иш-чаралар абдан жакшы жыйынтык берет, анткени түз диалог жүрөт. Максат - теоретиктерди иш жүзүндө аткара тургандар менен бириктирүү”, - деп белгиледи эксперт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 2019-жылдын 27-28-февралында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" конференциясы өтөт.

Ага аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик бутагынын, башка мамлекеттик структуралардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишкердик жана эксперттик коомчулуктун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий