• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

FETO уюму Кыргызстанда мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес – УКМК башчысы

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. FETO уюму Кыргызстанда мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал айткандай, бул уюм шартуу түрдө FETO деп аталып калган.

«Биз бул уюм тарабынан Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз аракеттерди байкаган жокпуз. Бирок биз башка өлкөдөгү кесиптештерибизден алардын санын, жетекчилери тууралуу керек болсо, алардын аты-жөндөрү жөнүндө маалымат алдык», - дейт ал.

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти Pежеп Тайып Эрдоган 5-июлда элге кайрылып жатып, "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды кармалып, Түркияга алынып келингенин билдирген.

Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү Бишкекте жоголгон.

Бишкек ШИИББден билдиришкендей, Орхан Инандынын кош жарандыгы бар.

Пикир

Оставить комментарий