• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

И.Раззаков атындагы КМТУда көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору ачылды

Билим 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдында көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Борбор “Кыргызстандагы ЖОЖдордун финансылык автономиясын өнүктүрүү” (DEFA) долбоорунун алкагында ачылган. Бул жерде семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.

Долбоор Европа Биримдигинин Erasmus+ программасы тарабынан каржыланат.

Борбордун ачылышына билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев, Финансы министрлигинин, Erasmus+ программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, ЖОЖдордун ректорлору жана проректорлору катышты.

Катышуучулар менчиктин ар кандай түрүндөгү ЖОЖдордун каржылык өз алдынчалуулугу маселесин талкуулап, DEFA долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымат алышты.

Кыргызстандын ЖОЖдор ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев жана Кыргызстандагы Erasmus+ кеңсесинин адиси Нургүл Касенова ааламдашуу шартында ЖОЖдордун каржылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий