• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Билим берүү министрлиги: 26 мугалим англис тили боюнча квалификациясын жогорулатты

Билим 0

Бишкек 12.07.23. /Кабар/. 26 мугалим англис тили боюнча квалификациясын жогорулатты, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсунун биринчи агымына катышкан мугалимдерге сертификат тапшырылды.

Окутуунун биринчи агымы 3-июлдан 11-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунундагы Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейдин базасында өткөрүлдү.

Сертификатка ээ болгон мугалимдер окутууда үйрөнгөн жаңы ыкмаларды мектептерде колдонуп, жыл сайын өтө турчу конкурска катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сынактын жеңүүчүлөрү Улуу Британияга жолдомо, ноутбук жана башка баалуу сыйлыктарды утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Сынактын эрежеси боюнча жеңүүчү катары мектептин директоруна, мугалимге, окуучуларга жана мектептин өзүнө дагы сыйлыктар каралат.

Англис тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу курсу Билим берүү жана илим министрлиги менен “Англия Экзаминейшнс” билим берүү мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий