• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Якутиядагы №9006 шайлоо участогу башка имаратка которулат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.01.21 /Кабар/. Якутиядагы №9006 шайлоо участогу башка имаратка которулат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында Россия Федерациясынын аймактарында Саха Республикасындагы (Якутия) шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү боюнча токтом кылды:

- Россия Федерациясындагы Саха Республикасынын (Якутия) аймагындагы КРнын РФдагы элчилигинин канцеляриясынын Якутск шаары, Ленин проспекти 58в имаратынан №9006 шайлоо участогу, Поярков көчөсү 4, А. Е. Кулаковский атындагы достук үйүнүн АУ РС имаратына көчүрүлсүн.

ТИМден белгилешкендей, суроолор келип чыккан учурда Якутск шаарындагы элчиликтин канцеляриясынын вице-консулу Ж.Абдыманаповго кайрылууга керек. Байланышуу маалыматтары: тел.: 8926716 06 75, kgyakutsk@mfa.gov.kg, Якутск шаары, Ленин проспекти 58.

Пикир

Оставить комментарий