• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ: Жаңы жыл түнү үч адамды өлтүрүп, ири суммадагы акча уурдап кеткендер кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 02.01.18. /Кабар/. ИИМ Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылында болгон оор кылмыштын бетин ачты.

ИИМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Беловодское айылында жаңы жыл түнү үч адамды өлтүрүп, ири суммадагы акча уурдап кеткен шектүүлөр колго түшкөн.

“2018-жылдын 1-январында болжол менен таңкы саат 04:25 чамасында Москва районунун ОИБнин нөөмөт бөлүмүнө Беловодское айылындагы куралдуу кол салуу тууралуу билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, 69 жаштагы үйдүн кожоюну К.М., жана кызы 45 жаштагы П.И., жансыз денелерин табышкан. Экөө тең тапанчадан атылган октон каза табышкан. Кырсык болгон жерди текшерүү маалында болжол менен 12-калибрдүү ок дарылар табылган”,-деп айтылат маалыматта.

Милициянын алдын ала берген маалыматына ылайык, 31-декабрдан 1-январга караган түнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында белгисиз адамдар үйгө тоноо максатында киришип, бирок үйдүн кожоюндары ойго болгондуктан, аларга ок чыгарышкан.

“Шектүүлөр 120 миң сом жана алтын буюмдарды уурдап кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду”,-деп билдиришти ИИМден.

Ыкчам иш-аракеттин жүрүшүндө кылмышка шектүү делип төрт адам кармалган. Алар, 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В., 20 жаштагы Д.К., жана 32 жаштагы Ш.Н., болуп чыккан. Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий