• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 21-ноябрда саат 16:20лар чамасында​ ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты.

​Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү ​ үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издешкен. Андан натыйжа болбогондуктан 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий