• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Илдет 56 адамдан жаңы табылып, 2 бейтап көз жумду. COVID-19 боюнча статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 31-декабрга карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 41, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап көз жумду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 257 бейтап, амбулатордук түрдө 319 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 826 киши айыгып чыкса, 2 миң 802 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий