• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Тийиштүү чечимгеминистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Аталган чечим министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу процесстерине илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтун түзүү чечими кабыл алынды.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жобо бекитилди

Пикир

Оставить комментарий