• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Акыркы суткада 10,2 миңден ашуун адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 260 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 803 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 457 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 110 миң 287 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 892 миң 910 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий