• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Илим Карыпбеков эсине келди, бирок болуп өткөн окуяны эстей албайт – ССМ

Коом 0

Бишкек, 1-март /Кабар/. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков эсине келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

“Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков түндө жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган Илим Карыпбековдун абалына комментарий берип жатып, “жылыш бар” деп айтты. Азыркы учурда академик реанимацияда бейтапты карап жатат. Ал ошондой эле Илим өзүнө келгенин, эмне болуп кеткенин эстей албай жатканын, биринчи эле башка эч ким жабыркабаганын сураганын айтты”,-деди Е.Баялинова.

Эскерте кетсек, И.Карыпбеков бүгүн таңга жуук жол кырсыгына кабылган. Анын абалы оор деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий