• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Индияда чагылгандан каза болгондордун саны 26га жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Индиянын Бихар штатында чагылган тийип каза тапкандардын саны 26га жетти. Бул тууралуу “IANS” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Мындан мурдараак Уттар-Прадеш жана Бихар штаттарында чагылган тийип, андан көз жумгандардын саны 19га жеткени кабарланган болчу.

Агенттиктин маалыматына ылайык, каза болгондордун арасында аялдар жана жаш балдар болгон. 10дон ашык адам жабыркаган.

Индияда чагылгандан өлгөндөрдүн көрсөткүчү жогору бойдон сакталууда. Өзгөчө мындай кырсык жамгыр жааган мезгилге туш келет. Маселен 2016-жылы июнь айынын аяк ченинде Бихарда чагылгандан бир түндө 56 адам каза тапкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий