• 88.68
  • 95
  • 0.95

Исаков: Эгерде Бишкек ЖЭБ жаңы агрегаттарды убагында курбасак, Бишкекте коллапс болушу мүмкүн эле

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкек ЖЭБ жаңы агрегаттарды убагында курбасак, калаада коллапс болушу мүмкүн эле. Бул тууралуу өкмөт башчы Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдеги кырдаалды талкуулап жаткан учурда билдирди.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө 386 млн доллар коротулгандыгы тууралуу көптөгөн жемелеөөлөр болууда.

“Мен бул маселени карап чыгам. Эгерде биз жаңы агрегаттарды ишке киргизбегенде, жылуулук түтүктөрү жарылып кетиш мүмкүн эле. Анда чыгымдар да көп болуп, бир нече миллиард сом кетмек. Мен бул маселени түп тамырына чейин карап чыгып, ЖЭБди мурдагы кабылына кантип келтирүү керектигин тууралуу чечим кабыл алабыз”,-деп билдирди ал.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, TBEA кытай компаниясы талап кылынган жумушту жасабыды же жокбу карап чыгат.

Сапар Исаков маалымдагандай, эмне үчүн экинчи от казандар убагында кошулбагандыгын да карап чыгат.

“Андан тышкары, Тажикстандагы ЖЭБ Бишкекке караганда арзан болду деген маселе көтөрүлүүдө. Бирок мага Тажикстандагы ЖЭБ бир гана электр жарыгын чыгара тургандыгын түшүндүрүштү”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий