• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Исаков жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча Иш-чаралар комплексинин аткарылышын текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-ноябрда, жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча пландын аткарылышын текшерди. Иш-чаралар жыйындысы 6 негизги блоктон турат, анда жол кыймылы коопсуздугун жогорулатууга багытталган 148 иш-чара камтылган. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

«Бардык пландаштырылган иш-чаралар жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Бирок аны ишке ашыруу жай темпте жүрүүдө. Буга байланыштуу кезексиз кеңешме өткөрүлүп, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлду. Бул жөн гана орун алмаштыруулар болбостон, аталган ыкма аркылуу жаңы сапаттык жактан мыкты кызматкерлерди ачык сынак аркылуу кызматка алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле биз аталган ведомстводо вертикалдык баш ийүүнү чыңдадык. Бул жол коопсуздугу тутумун башкарууну жакшыртуу үчүн зарыл процедуралык кадам болуп саналат», — деп белгиледи Премьер-министр кеңешмени ачууда.

«Бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылышы тийиш, план аткарылбаган учурда кызматтан бошотууга дейре жоопкерчилик каралат. Өзгөчө көңүлдү процесстерди автоматташтыруу, кызматкерлерди алуу, «Акылдуу шаар» долбооруна, маалыматтык иш-чараларга буруу керек», — деди Сапар Исаков.

Андан соң Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546-токтомуна ылайык пландын 103 пунктунун ар биринин аткарылышын талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий